УКМКнын алдында кармалгандар Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда кармалгандардын саны азырынча белгисиз.
"Садыр Жапаровдун тарапташтары бир нече жолу УКМКнын имаратына коюлган курчоону бузууга аракет кылышты. Милиция кызматкерлери аларды тынчтандырышты, бирок ушул учурда алар таштарды, желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, милиция кызматкерлерине кол көтөрүштү. Чогулгандар өздөрүн абдан агрессивдүү алып жүрүштү. Массалык тополоң күчөбөшү үчүн милиция асманга карай атайын каражат колдонуп, чогулгандарды таратты. Коомдук тартипти бузгандыгы үчүн абдан агрессивдүү жаштар кармалып, териштирүү жүргүзүү үчүн Биринчи Май РИИБине жеткирилди", - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.
Бишкекте бүгүн мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылды. Бир тобун кармап кетишкен.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишти. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров азыркы учурда УКМК имаратында сурак берүүдө. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.