Садыр Жапаровдун жубайы: "Баламдын абалы оор деп уктум, көрөйүн десем киргизбей жатышат"

Мурунку депутат Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова уулунун милиция тарабынан сабалганын билдирди. Анын айтымында, баласын көрүүгө уруксат берилбей жатат. Экс-депутаттын жубайы SUPER.KG порталына буларды айтып берди:

"Баламдын сабалганын интернеттен билдим. Канжалап жүрөт, Фейсбуктан силер деле көрүп жатасыңар да. Абалы оор деп уктук, кирип көрүп чыгалы десек, киргизбей жатышат. Адвокатты да киргизбей коюшту. Мыйзам боюнча кармалгандан кийин эле адвокатын киргизиши керек эле. "Жетекчибиз киргизбегиле" деген деп болбой жатышат. Балдар жаш, мынчалык сабабай койсо эмне болмок. Биз Садырды тосуп алганы чыкканбыз да, чагымчылдар чуу салып жиберишти", - деди Айгүл Жапарова.

Сүрөт Фейсбукка илинген видеодон алынды.

Бишкекте бүгүн мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылды. Бир тобун милиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров бүгүн Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишти. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров азыркы учурда УКМКнын имаратында сурак берүүдө. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.

Садыр Жапаровдун баласын кармап кетип сабашыптыр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан