Бүгүн, 25-мартта Бишкекте УКМКнын алдында болгон Садыр Жапаровду колдоо митинги тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анда журналисттерге ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Бишкек ШИИББинин башчысы Самат Курманкулов митингде канча адам эмне себеп менен кармалганын айтып беришүүдө.
Алмаз Орозалиевдин айтымында, митингде жалпысынан 68 адам кармалды. "Митингчилер 2 саат УКМКнын алдында турушту. Алар саат 16:30да милиция кызматкерлерине алгач бөтөлкө ыргытып, кийин желек байланган таяктар менен урушту. Митингде биз тараптан тиешелүү чаралар көрүлдү. Алдын ала эскертүүлөр берилген", - деди ал.
Мындан тышкары Орозалиев кармалган митингчилерге карата бейбаштык, милиция кызматкерине кол көтөрүү, бирөөнүн мүлкүн сындыруу боюнча кылмыш иши козголгонун баса белгиледи.
"Республика боюнча абал туруктуу. Милиция кызматкерлери шаардагы абалды көзөмөлдөөдө. Коркунучтарга негиз жок. Эгер митингдерде бүгүнкүдөй кырдаал кайталанса, мыйзам чегинде чара көрөбүз", - дешти ИИМден.