ИИМ: "Кармалган митингчилерге "Тез жардам" кызматы келген"

Ички иштер министрлиги бүгүн, 25-мартта УКМКнын алдында болгон митингде кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгендер тууралуу билдирүү таратты.

Ага ылайык, кармалган митингчилерге "Тез жардам" кызматы келип, дарыгерлер алардын ден соолугун текшеришкен. "Кармалгандардын экөөсүнүн жаракаттары анча оор эмес жана аларды ооруканага жаткырууга зарылчылык жок. "Тез жардам" кызматы келип, эч кимди алып кеткен жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, бүгүн УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жаңжал чыгып, милиция кызматкерлери 68 митингчини кармаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан