УКМКнын алдындагы митингде кармалган Садыр Жапаровдун уулу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, 20 жаштагы Ренат Жапаров милиция кызматкерлери тарабынан катуу сабалган. 25-март түнү ал Бишкектеги 4-шаардык ооруканага жеткирилген.
Бишкекте 25-мартта мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышып, Жапаровду бошотууну талап кылышты. Милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккандан кийин чогулгандар күч менен таратылган. Бир тобун милиция кызматкерлери кармап кетишкен, арасында Жапаровдун эки баласы, агасы жана иниси да бар.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров кечээ Казакстандан Кыргыз мамлекетине кирген. Аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирди. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат таратты.