Садыр Жапаровдун ур-тепкиге алынып кармалган уулдарына эмне чара көрүлгөнү белгилүү болду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун уулу Рустамга кылмыш иши козголду, учурда ал убактылуу кармоочу жайда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова билдирди.

Анын айтымында, учурда Рустамдын ден соолугу жакшы, бирок ал шок абалда. "Рустамды 4-ооруканага алып барып, УЗИге көрсөтпөй чыгарып коюшту. Акыйкатчынын өкүлдөрүн, адвокаттарын киргизишкен эмес. Анын денесинде көк алалар бар эле", - деди Жапарова.

Мындан тышкары ал Садыр Жапаровдун экинчи баласы тууралуу айтып берди. "Ринат Садырдын бир тууганынын баласы. Ринаттын атасы, апасы жол кырсыгынан каза болуп, Садыр аны багып алган. Сот Ринатты 5 суткага камакка алуу боюнча чечим чыгарды", - деп билдирди Жапаровдун жубайы.

Айта кетсек, УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирген. Маалыматка караганда аталган митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.

Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кылмыш иши козголгон 12 адамдын аты-жөнүн айткан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (62)
evra_kg
2017-03-27 18:20:46
каныны кайнататко сут корлор сот эч нерсени чечпейт анын барын сдпк кылтат
-1
sabyr86
2017-03-27 19:14:07
Атасы күнөөлү.
+6
salfego
2017-03-27 18:24:19
Садыр Жапаровдун PR компаниясы кучтуу экен))))) супер kg де 100 го жакын логин менен кирип жатышат го! Негизи президентке дагы кучтуу имиджмейкерлер керек!!!! Чынын айтканда мага баары бир!!!! Башкасы деле келип кыйратпайт!!!! Просто саясаттан алыстап озубуздун ишти эле кылсак! Садыр жапаров президент болсо эле элдин баары эле миллионер болуп калат экенбизби??? Кичине ойлонсонор туугандар??? Бизди болгон ушул политиктер эле!!!! А так болунбойло жашайбыз)))
+3
Bubu88
2017-03-27 18:50:29
Атасы жөн жүруш керек болчу ошон үчүн убагында
+1
Santanna
2017-03-27 19:22:37
Bubu88,Сен Жапаровдун душманы окшойсун короалбаган 1 неме окшойсун ушундай иш озундун башына барып калса кантесин?Тообо кыл...
-2
Ronaldo.99
2017-03-27 20:10:56
Bubu88,Атанды камап койгондо корот элек,ушинтип жазганынды.Ойлонуп,жазчы кичине.
-3
Bubu88
2017-03-27 20:46:15
Ronaldo.99, менин атамы камап койгудай атам депутат эмес да
-2
Benazir08
2017-03-27 18:51:36
Аша кыйын чыктым баарын камайм деп атат окшойт балашканы да түшүрдү. Чындыкты айтканы үчүн
-3
Santanna
2017-03-27 19:29:14
Аташканы шайлоого чейин тушуруш кк, бийлик колунда болсо эле эмне?Эшек жайлоо кылып алдыго Кыргызстанды каалаганын кылып,Эли учун иштегендерди Жок кылып жатат.
-4
aydinnur
2017-03-27 19:31:58
Диван баатырлары өзүңөрдү аябасаңар да,иштеп аткан бизди аягыла....милицияга кол салып баштаса сабайт да анан,же маңдайына жазып алса болмок баласымын деп..эркек балдар экен эч нерсе болбойт,ошон үчүн айтат"эркек жетиге чейин жерден,жетиден соң эрден таяк жейт"-деп..сайтты айтат элем ошо күнү түз көрсөткөн,бандан корком да)))милицияга рахмат аз айлыкка тоодой жүктү аркалап аткандарына!
+4
Bubu88
2017-03-27 20:41:01
Качантан бери чондун балдарына боор ооруп күйүп калдынар экен
+3
asankulov12
2017-03-27 20:50:30
Кайдагы болочок президент? жакшы суйлоп койсо эле президент болуш керекпи?
+7
nurzada78
2017-03-27 21:56:56
Атасы жакшы болсо,балдарын тыймак,кармаса кармашсын,аппакмын мен,акталып чыгам! Балдарым силер тынч олтургула деп!Же акылкарачач аялы айтса болмок,атанар ак,акталып чыгат,силер жон олтургула деп! Курманжан Датка айткан экен баласына: Балам,олумго тике кара!деген жерден,баласы олуп кете берген,ак жеринен,элим-журтум деп!Ал эми азыркы билермандарыбыз болсо,хандыкты талашып,бириникин,экинчиси чукумай!Прездент болсо эле,элди жыргата тургансып,элде ынтымак болбосо,элдин ырысы болбойт!
+2
arzygulR
2017-03-27 23:43:06
Кароче Жапаров мн Мырзакматов гана татыктуу калгандары
-3
Bubu88
2017-03-28 00:03:22
Мырзакматовду күчтүү эле күчтүү кыйын ага эч кимдин алы жетпейт камай дагы албай ал абдан баатыр эле дейсинер кана ошо кана кыйын болсо келбейби качпай тегеле эч кимдин алы жетпейт дейсинер келип корсотпойбу кыйындыгын көрөлү канчалык деңгээлде кыйын экен
+3
Santanna
2017-03-28 03:25:01
Bubu88,Сени Жапаров менен Мырзакматов туалетинеда жумушка албаса керек эле бул турушунда...акылын Жок неме окшойсун
-3
Bubu88
2017-03-28 03:37:46
Santanna, сыягы сени алат го аябай менен кызганып калыпсын сени жумушка албайт деп иштей бер ийгилик каалайм
+3
Bubu88
2017-03-28 00:06:49
Жапаровду дагы кыйын келсе баарын кыйратат титиретет деп аттынар эле кордук абдан кыйын экен молодец
+3
Amir2010
2017-03-28 00:41:46
Атамбаев жаман нервти кашайттыго уялам ушул киши биздин президентибиз экенине аттин))))
-3
Ronaldo.99
2017-03-28 01:03:33
Ак ийилет,бирок карага окшоп сынбайт.Жапаров патриот жигит
-4
Doctor
2017-03-28 21:39:10
Өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан