Турсунбек Акун: "Мен тартип бузган жокмун, 1500 сом айып боюнча жогорку инстанциядагы сотторго кайрылам"

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунга 1500 сом айып салынып, 8 саат коомдук жумушка тартуу чечими чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Ал эми Турсунбек Акунга байланышканыбызда, болгону ага 1500 сом айып салынганын айтты.

"Мен бул чечим боюнча жогорку инстанциядагы сотторго кайрылам. Анткени мен тартип бузган жокмун. Болгону ал жакта укук коргоочу катары жүрдүм", - дейт Турсунбек Акун.

Айта кетсек, 25-март күнү мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары УКМКнын алдына барышып, Жапаровду бошотууну талап кылышкан. Кийин милиция тарапка таш ыргытылып, чуу чыккан соң чогулгандар күч менен таратылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жалпы 105 адам кармалып, алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

УКМКнын алдындагы митингде мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун дагы бар болчу. Аны милиция кызматкерлери ошол жерден кармап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Makain
2017-03-27 16:37:27
Ака мурун укуккоргоочу элен го аа.
0
Ulan2601
2017-03-27 16:40:01
Лучше 1500 толоп койунуз выгодный болот
+4
admin_portal
2017-03-27 16:40:09
mr.usup, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
-1
Bubu88
2017-03-27 16:54:40
Жапаровго толоттурунуз сенин айынан болду деп
+3
Bubu88
2017-03-27 17:08:40
Баардык чыгымдарды Жапаров төлөп берсин акчасы көп го элге бир нан мн суу тараткан кантип акчасы жок болсун баардык кеткен чыгымдарды активистерге салынган айып пулдарды төлөп берсин
-1
Bubu88
2017-03-27 17:10:38
Толобосо сотко бергиле дагы
-3
juma11anara
2017-03-27 17:14:12
Ошондо Турсунбек Акун коом жана турмуш болугуно тушуп калыптыр.
-3
meni_kut
2017-03-27 17:15:18
Жапаровдун баласы мурдунун ХХХ ыйлап атат го,эркек эркек деген атка татыктуу болсо...эх
-1
gordaya
2017-03-27 17:38:18
meni_kut, азыр жаш да, кагылып согула элек,
-1
Bubu88
2017-03-27 17:57:53
Атасына ишенип барып алган да мени эч нерсе кыла алышпайт деп ошого шок болуп отурат
-5
MinuTolik
2017-03-27 17:58:01
Uialbai chygyp alganyn chiyildep akyikatchynyn
+1
evra_kg
2017-03-27 18:31:05
ал жогорку сот деле ошол сдпканыкы жогорку жак не десе ошону кылат баарын жанылаш керек
+1
satarovkubacom
2017-03-27 18:38:16
Кыргызстанда мен эс тарткандан бери идеалдуу сот корбодум же укбадым негизи Кыргызстанда ошондой сот болгонбу?
-2
sabyr86
2017-03-27 19:11:44
Эки кишинин башы бириккен жерде эле ушул киши жүрөт.төлөңүз эми 1500 сомду,пикет деп далай жерди булгадыңар бирөөлөр тазалады,ошолорго айлык болсун.
+5
Aitunuk
2017-03-27 19:46:52
Акыйкатчылыктан кеткенин унутуп калса керек да, позор менен (өзүн сыйлаган адам эч убакта кабинетинде ачкачылык жарыялап, догун артып жатып албайт). Улууларда кадыр-барк, дөөлөттүүлүк, нарк-насил деген калбай баратат. Ошол жерде жүргөн дежур ОБОНчу аялдарды көрүп, акыр заман келатабы дейсиң. Жаш милиционерлер чоң энесиндей болгон аялдарга кол көтөрө албасын билип, эрин апчыгандай асылышат. Уят. Ушуларга окшогондор элдин пейилин бузууда. Аялдын таман алдын БЕЙИШ кылбай эле ТОЗОККО айландырышууда.
+4
Bubu88
2017-03-27 20:23:41
Aitunuk,Баракелде оюна
+2
Барс
2017-03-28 08:57:30
Качан көрсөң жаңжалдын арасында ушул ХХХ
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан