Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын 12синин баш коргоо чарасы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова билдирди.
Анын айтымында, аталган 12 митингчи 2 айга камакка алынды. ИИМдин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады. Мекемеден билдиришкендей, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.
Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кылмыш иши козголгон 12 адамдын аты-жөнүн айткан жок. Айрым маалыматтарга караганда кылмыш иши козголгондордун арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы да бар.