Акыйкатчы Кубат Оторбаев 25-мартта УКМКнын алдында өткөн митингде кармалып, 2 айга камакка алынган адамдардан кабар алды. Бул тууралуу ал өзү билдирди.
Анын айтымында, ал кечээ, 27-мартта Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында болуп, мониторинг жасады. "Кармалгандардын он экиси 2 айга камалды. Алардын арасында Садыр Жапаровдун эки агасы, эки баласы да бар. Мындан тышкары абакта жаткан 40ка жакын адамдын ар бири менен сүйлөшүп, юридикалык кеп-кеңештерди бердик. Кармалгандардын биринин айтымында, митинг маалында аны кармоо учурунда бир милиция кызматкери өтүк менен көзүнө тепкен экен. Аны дарыгер карап, дары жазып берген", - деди Оторбаев.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.
Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кылмыш иши козголгон 12 адамдын аты-жөнүн айткан жок.