Рыскелди Момбеков: "Садыр Жапаровдун акциясын актуалдуу маселеге айлантып убара болуп жатабыз"

"Садыр Жапаровдун акциясын актуалдуу маселеге айлантып убара болуп жатабыз", - деп бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Эл өкүлү С.Жапаров менен тааныштыгы да, таарынычы да жок экенин айтты.

"Анын саясаттагы саякатын, тарыхын таржымалын айтып берейин. 2012-жылдын октябрь айында ушул Ак Үйдүн алдында чоң акция болуп, "Кумтөрдү" улутташтырабыз деген ураан менен Жогорку Кеңешке жортуул жасалган. Жортуул оңунан чыкпай, ал ортодо камалып тынган. Автоунаасын аңтарганда 1 автомат, 2 тапанча чыккан. Андан 6 ай өтпөй "Кумтөрдү" басып алабыз" деген ураан менен Барскоондогу жолду жаап, эки ортодо бюджетибиз 271 миллион сом зыян тарткан. Милиция менен эл кагылышкан. 8 адам камалып, канча деген милиция жаракат алган. Кийин ошол эле жылдын октябрь айында Ысык-Көл облусунун администрациясын басып алууга аракет кылышкан. Ошонун артында Садыр Жапаров турган деп, Эмилбек Каптагаев чындыкты айтып берди. Эми жакында УКМКны басып алууга аракет кылды эле биз аны улуттук лидер кылып жатабыз. 4 жолу төңкөрүш жасаганга аракет кылган кишини биз улуттук лидер деп жан тартуудабыз. Митингде Бакиевдердин жан сакчысы жүргөнүн эмнеге айтпайбыз? Биз бүгүн милицияны бир беткей жамандап, бизди коргойт деген милицияны кордоп жатабыз", - деди ал.

Эске салсак, 25-мартта Бишкекте Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митинги өткөн. Ага жалпысынан миңден ашуун адам катышкан. Нааразычылык акция саат 11:30да Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Жол" бекетинен башталып, саат 13:00дө Бишкектеги М.Горький сейил багынан уланды. УКМКнын алдында милиция кызматкерлери тарабынан 100дөн ашуун адам кармалган. Сот 64 адамды 2 суткадан 5 суткага чейин камакка алуу, 12 адамга айып пул салуу боюнча чечим чыгарганы маалым болду. Калгандар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн соң коё берилгени айтылды. Ал эми Садыр Жапаров тергөө иштери бүткөнгө чейин СИЗОго камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан