ORTHOLINER (элайнер) – тиштерди түздөтүү үчүн болгон тунук капалар (тиш каптар).
Тиштерди түздөө үчүн коюлган брекеттердин жана тиштердин туура эмес кабышып турушун оӊдоонун эффективдүү, популярдуу жана альтернативдүү жолу - элайнерлер. Бул заманбап ортодонтикалык аппарат тунук, полимерден капа түрүндө жасалат. Тишке берген таасири кадимки брекеттердей эле, бирок баары бир өзгөчөлүктөрү бар.
NANО стоматологиясы - ORTHOLINER системи менен иштеген Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи клиника. Врач-ортодонт Чолпон Рысалиева элайнерлердин иштөөсү боюнча атайын окуудан өткөн.
Элайнерлердин брекеттерден артыкчылыктары:
Тиштерде тоскоолдук жараткан металлдарды жана чоӊ көлөмдөгү брекеттерди көрүүнүн эми зарылдыгы жок. Бейтап жылмаюу үчүн аны жашырбай күлө алышат. Көйгөйлүү тиштерди түздөө процесси алгачкы күндөн тартып, бүткөнгө чейин алар үчүн оӊой жана ыӊгайлуу болот.
Кандай учурларда элайнерди коюу сунушталат?
Дарылоо этабы төмөнкүчө: Алгач бейтаптын тиштеринин сүрөтү алынып, дарыгердин көрсөтмөсү менен ага тунук капалар жасалат. Капанын саны учурга жараша ар кандай болушу мүмкүн. Ар бир кезектеги капа белгилүү бир мөөнөттөн кийин иштөөсүн токтотот, тагыраагы, басым жасабай калат. Бул дарыгерге аны алмаштыруу керек деген белги берет.
ORTHOLINER тууралуу кененирээк маалыматты www.ortholiner.kz сайтынан алууга болот.
Кыргызстан, Бишкек, 8-кичи район, Токомбаев көчөсү, үй номери 46/2, NANO стоматологиясы.
Телефондор: +996 (707) 976 636; +996 (312) 976 636.
Дарыгер Чолпон Кумашевна Рысалиева.