"KG ГРУПП" компаниясынын президенти Имамидин Ташов Оштун кире беришине бийиктиги 45 метрди түзгөн флагшток орнотту

25-мартта саат 11:00дө Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылынын жол айлампасында тарыхый мемориалдык комплекстин ачылыш салтанаты өттү. Бул "KG ГРУПП" компаниясы тарабынан орнотулган комплекстин аянты 80 чарчы метрди түзөт. Флагштоктун жалпы бийиктиги 45 метр болсо, ал эми туунун туурасы 13 метр, узундугу 9 метрге барабар. Ошондой эле комплексте Кыргыз өлкөсүнүн совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, кыргыз совет мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Абдыкадыр Орозбековдун, белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззаковдун, Кыргыз ССРинин министрлер советинин төрагасы Султан Ибраимовдун, көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун сүрөттөрү түшүрүлгөн монумент коюлган. Мындай тарыхый мемориалдык комплекс өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын астанасында да ачылган.

"KG ГРУПП" компаниясынын президенти Имамидин Ташов мындай комплексти жети дубандын ар бирине коюуну максат кылганын билдирген. Флагштокту орнотуу кезеги Нарын облусунда. Облустун тургундарын бул кабар кубантпай койбос.

"Эмки комплекс Нарын облусуна курулат. Мындай аракеттерди ар бир кыргыздын жүрөгүндө патриоттук сезимди ойготуу, жаштарга үлгү болуу, улуттук атрибуттарды пропагандалоо, алар тууралуу жакшы ойлорду калыптоо үчүн көрүп жатабыз. Эң негизгиси бул аракеттерди жасоо мен үчүн атуулдук, жарандык милдетим, ишкердик парзым", - деген И.Ташов.


Мамлекетке пайда алып келүү үчүн жогору жактагы бир кызматта отуруу зарыл эмес. Жаштарды туура багытка салып, патриоттук сезимди ойготуу, мекенди сүйүү менен да пайда алып келүү мүмкүн. Желбиреп турган желекти көргөн жергиликтүү тургундарда сыймыктануу сезими пайда болуп, ишкерге ыраазычылык билдиришкен. Себеби бул комплекс өсүп келе жаткан муунга мекенибиздин тарыхында орду бар инсандарды даңазалап, аларга болгон кызыгууну арттырат.


“Өткөнүн билбеген элдин келечеги жок” дегендей, эң негизгиси келечегибиз кең болушу үчүн тарыхыбыз, маданиятыбыз жана тилибиз унутта калбашы керек. Бул багытта алгылыктуу иш кылган Имамидин Ташовдун аракеттери өлкөдөгү байлардын да намысын ойготуп, алар дагы өлкөнүн өнүгүшү, келечеги үчүн өз салымын кошууга аттанышат деген ойдобуз. Ал эми өлкөбүздүн ар бир облусунда мындай көз сүйүнткөн комплекстин курулушу ар бир атуул үчүн жагымдуу болуп, кандайдыр бир деңгээлде мекенине сүйүүнү күчөтөрү талашсыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (76)
BarsBaatyr
2017-03-31 21:29:16
Өзү Кыргызга эч нерсе жакпайт.Биз качан өзүбүздүн пейилибизди оңдогондо гана оңолобуз.Андан көрө көкүрөктү тазарталычы туугандар.Бирөөнү жаман деп койсо чын-төгүнүн билбей туруп эле жабыла жамандап калабыз.Телефондо адыраңдап бирөөгө көө сыйпагандан көрө сыртка чыгып,эшигиңин астынан өткөн арыгыңы тазаласаң,эртең сенден кийинки кошунаң үзүрүн көрсө ошондо пайдалуу иш кылган болосуң.
+6
gulia90
2017-03-31 21:41:29
Темадан да, коментарийлер кызыгыраак болуптур.
+6
Uranbekov97
2017-03-31 22:41:10
Айтышып аткандар аман эле болгула
-2
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-31 23:41:46
Ай ушундай адамдар коп болсун жалан эле тиги койлорду ары бери айдап журуп тажадык
-1
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2017-04-01 03:06:38
Ушундай Азамат жигитерибиз бар Кыргзстандын келечеги кен. Имамидин Ташовго рахмат.
0
Eksvp_1
2017-04-01 08:47:36
bolunbo kyrgyz sen 17 jawar bala okwoisun lenindi atyp ketkenden kiiin stalin kelip ХХХ ornogondon kiiin kyrgyzdyn birinchi ulutchul insandaryn represi9 kylgan .represi9 bolgondordu owol ele kyrgyz danos jazyp jala jaap attyrtyp jibergen.Agada stalin ozu kunoluu dep aityw kyiyn .
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-01 11:01:41
Eksvp_1, атана кошулуп жогол
-2
ABDulHai
2017-04-01 10:13:13
Баякы эле талаш тартышко Кыргызга Кыргыз бут коймой оңолуш керек болбойт мындай !!!
+2
meni_kut
2017-04-01 10:32:44
Баягы эле кнопка геройлор.Революция отуруп алып жаза берет колунан эчтеке келбей.Эркектер катындарча айтышпайт
-6
sheralievic...aza
2017-04-01 10:49:39
Не бул реклама окшойт кундо эле негизги бетте
+5
LEGENDA.
2017-04-01 11:30:41
Флагштокту мактап 67 адам ыраазычылык жазган окшойт-деп кирсем 4 котурдун талашы менен толуп калыптыр го.))
+2
meni_kut
2017-04-01 13:59:32
LEGENDA.,Туура айттын)))))))
-3
Eksvp_1
2017-04-01 14:33:48
Bardygynarga aitarym birinchi ulutchul andan kiiin mekenchil bolgula .azyr birda ulutchul kyrgyz politik jok .Kyrgyzstan kyrgyzdar uchun!
+3
revolyutsiya1
2017-04-01 15:02:24
Eksvp_1, ушуну туура айттын, эли-жерибизди суйбосок кен байлыгыбыз болобу, жерибиз суубуз болобу башкаларга берип коюп оозубузду ачып журо берет экенбиз "сен мага тийбе, мен сага тийбейм" деген принцип менен...
-1
revolyutsiya1
2017-04-01 15:05:11
Имаш мактоолор аз деп капа болбой эле койсун, эл учун кызмат кыла берсе эл бир кун озу баалап алат. Журбойбу канча жылдан бери элге кызмат кылып Рахман, Абдылда агалар, Борончу менен Тынарлар, бийлик наам бербесе койсун, элдин бизди колдогону чон каниет деп...
-2
Bubu88
2017-04-01 15:31:53
Имамидин Ташов флагшток орнотконуна да өкүнүп кетип атса керек жөн эле ыраазычылык айтып коюштүн ордуна эки жеек болуп алып кырылышып атасынар кечеетен бери
0
Bubu88
2017-04-01 15:38:02
Флагштокту алып эле салынызчы алып кетип өзүңүз жака коюп алыңыз буларды тытыштырбай флагшток эмес өлгөн Ленинди да жөн коюшпады жамандап
+2
Aidani
2017-04-01 15:41:44
Ташов менен Лениндин кандай тиешеси бар ХХХ экенсинер флагшток койуп атыптыр го лениндин эстелигин эмес.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан