ЖАМК: "Садыр Жапаров өз колун жана моюнун кескен"

Садыр Жапаров өз колун жана моюнун кескен. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, Жапаров бүгүн эртең менен саат 7:00 чамасында Бишкектеги №1-тергөө абагынан №47-колониянын ооруканасына жеткирилген. "Учурда анын абалы жакшы. Териси эле кесилип, кан тамырына жеткен эмес. Прокуратуранын жана акыйкатчынын өкүлдөрү андан кабар алышканы келишти. Жапаров эч кимге дооматы жок экенин айтып, өзүнүн тарапташтарынын камалганына нааразычылыгын билдирди. Дарылангандан кийин СИЗО-1ге кайра жеткирилет", - дешти ЖАМКтан.

Айта кетсек, 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталып жаткан Жапаров УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка отургузулган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирген. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат тараткан.

26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө №1-тергөө абагына камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Guli.98
2017-04-03 19:20:56
Намаз окуган инсан озуно озу кол салбайт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан