Алмазбек Атамбаев: "Мамлекетти кыйроого түрткөн жашыруун "көк киттер" бар"

Бишкекте бүгүн, 3-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө президент мамлекетти кыйроого түрткөн жашыруун "көк киттер" бар экенин айтты. Президенттин айтымында, кээ бир ишмерлер өзүн бейөкмөт уюмдардын өкүлү катары тааныштырып же укук коргоочу деген атты жамынып бөтөн элдин баалуулуктарын жабыштырууга аракет кылышат.

"Кандай маска тагынса дагы чет мамлекеттердин жана атайын кызматтардын калкалоосун токтотуу керек. Маалыматтык коопсуздук менен камсыздап элдин бүтүндүгүн сактоо зарыл. Интернеттеги социалдык желелерде балдарыбызды өз жанын кыюуга түрткөн "көк киттер" эле эмес, мамлекетибизди кыйроого түрткөн жашыруун "көк киттер" бар. Бийлик менен мамлекетти айырмалай билиш керек. Бийликтегилер келет, кетет. Атамбаев жарым жылдан кийин кеткенде мамлекет кылымдар бою сакталышы абзел", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан