Садыр Жапаров саат канчада, кайсы жерде, эмне үчүн колун жана моюнун кескени айтылды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын байкоо кеңешинин мүчөсү Чолпон Өмүрканова учурда Бишкектеги №47-колонияда дарыланып жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдон кабар алганын айтып берди.

Жапаров Өмүркановага айтып бергендей, ал эртең менен саат 4 менен 5тин аралыгында дааратканага кирип, бычак менен сол колунун чыканагынын бүгүлгөн жерин жана моюнунун сол жагын кескен. "Жапаров №47-колонияда эсине келген. Бул жерде анын кесилген жерлери тигилип, ага дары тамчылаткыч аркылуу дары берилүүдө. Мындан тышкары андан психотерапевт кабар алды. Учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык. Ал суицид аркылуу маселени чечүү туура эмес экенине макул болду. Ал үй-бүлөсү, туугандары жана жакындары үчүн кабатыр болууда. Жапаров дарылангандан кийин аны УКМКнын СИЗОсуна жаткырууга бийликти чакырат элем", - дейт Өмүрканова.

Ошондой эле ал Жапаровдун эмне себептен суицидге барганы тууралуу түшүндүрмөсү делген жазууну интернетке жарыялады.

Айта кетсек, кечээ 2-апрелде Садыр Жапаров №1-тергөө абагында өз колун жана моюнун кескен, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилген.

Буга чейин 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө №1-тергөө абагына камалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан