Бүгүн, 3-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Чубак Жалилов муфтийликке талапкерликтен баш тартты. Буга чейин муфтийлик тараткан маалыматта үч талапкердин бири Чубак Жалилов деп көрсөтүлгөн эле. Бирок ал интернет аркылуу элге салам дубай жиберип, муфтийликке аны аалымдар көрсөтүшкөнүн, өзү бул кабарды Орусияда жүрүп билгенин, ошентсе да талапкерлигин алып саларын жарыялады. “Молдонун окуусун окуган адам сөзсүз эле муфтий болуп иштеши шарт эмес. Ыйманга, акыйкатка, элге жана мамлекетке кызмат кылуу кайсы бир орун менен чектелбейт”, - деп билдирди ал. Бул адам өзү президенттикке талапкер катары катышуу ниети бардыгын расмий түрдө айтпаганы менен, карапайым калк арасында аны кийинки президент катары көргүсү келгендер арбын. Бирок анын мамлекетти башкаруу иштерине аралашуу ниети бардыгы бул жолку видеокайрылуусунда байкалды. Чубак Жалилов өз сөзүндө муфтий Ахмад Кадыров кезинде Чеченстанды башкарганын, имам Режеп Тайип Эрдоган учурда Түркияны башкарып жатканын мисалга келтирди. Чубак Жалилов айтканын кылып, артынан ээрчий турган калың топ бардыгына ишенимдүү. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон кайым айтышуусунда “өзүм шайлоодо бул адамдарды шайлабайм, мусулман бир туугандарымды дагы буларды шайлабоого чакырам”, - деп саясий билдирүү жасаганга чейин барган. Эгер бул адам президенттик жарышка аттанчу болсо фаворит талапкерге күчтүү атаандаш болот. Андайда шайлоо 2-турга улануусу мүмкүн. Ал жеңүүчү болбой калса жооп катары массалык нааразычылыктар орун албайт деген кепилдик жок.
Дин ишмери кокус өлкө башына келип калса, андан аркысын элестетүү да оңой эмес. Андайда Баш мыйзамдын өзгөртүлүүсү кадимки күтүлө турган жагдай болуп калат. Анткени өлкө 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп кабыл алган Баш мыйзамын эч кандай диндин аралашуусу жок эле өзгөртүп салды. Мындан ары ар бир бийлик келген сайын Конституцияны өз ыңгайына карап өзгөртө берүүгө жол салынып калды. Саясатчылар менен партиялардын лидерлери президенттик, парламенттик шайлоолор алдында элдин арасында кадыр-баркы жогору диний ишмерлерден колдоо издеп кайрыла бергени өз жемишин берип жатат. Бүгүн мамлекеттик башкаруу дин менен аралашып кетүү ыктымалдыгынын алдында турат...
Садыр Жапаров эмнеге УКМКнын тергөө абагына эмес, Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган? Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров кан тамырлары кесилип, эсин жоготкон абалда №47-колониянын ооруканасына жеткирилгенден бери коомчулукта жогорудагы суроо эң көп берилүүдө. Бишкектеги Биринчи Май райондук соту эмнеден улам саясатчы УКМКга эмес, кандуу жана чуулгандуу окуялары менен таанымал тергөө абакка камалсын деп чечим чыгарганы көпчүлүккө белгисиз. Бирок бир нерсени жалпы коомчулук түшүнүп турат. Адатта адамдын кайратын сындыруу үчүн №1-тергөө абагына, криминалдык дүйнө менен байланышы бар жарандар отурган камераларга жиберишет. Андай сыноого туруштук берүү оңой эмес. Ошондон улам №1-СИЗОдо “өзүн-өзү асып салуу”, “героинди ашыкча колдонуп алуу”, “өз тамырын кесүү”, “оозун тигип салуу” жана башка толгон токой окуялар, суициддер катталат. Алардын баары эле чындыгында өз жанын кыюу эмес экендиги, бир нече адам катышкан кылмышты суицид катары өткөрүп жиберүү орун алгандыгы адам каза тапкандан бир нече жылдардан кийин да белгилүү болуп жатат. ИИМ менен Кылмыш жазыктарын аткаруу мамлекеттик кызматында учурда дал ушундай иштер тергелип жатканы маалым. Андыктан Садыр Жапаровдун айтканы боюнча жазылды деп ММКларга таратылган түшүнүк катка жүз пайыз ишеним артууга азырынча эрте. Аталган түшүнүк катта Садыр Жапаров “ажатканада тамырымды өзүм кестим, анан келип төшөгүмө жатып алдым. Камерада чогуу отурган адамдарга жана тергөө абагынын кызматкерлерине доом жок”, - деп айтканы көрсөтүлүүдө. Окуя катталган күнү, 2-апрелде ЖАМКнын маалымат кызматы “Садыр Жапаровдун абалы жакшы, териси эле кесилип, кан тамырына жеткен эмес”, - деп маалымат тараткан эле. Садыр Жапаровдун айтымында, ал операциялык столдо эсине келген.
Саясатчыны кармап, кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүп жаткан УКМК айыпталуучунун бул абалга түшүүсүнө жоопкер эместигин, камактагы адамдын коопсуздугуна Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жооп берерин билдирди. Бул окуяга байланыштуу бүгүн “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы Жогорку Кеңешке чукул кайрылуу жасады. Анда “Садыр Жапаров камакта отурган учурда мамлекеттин юрисдикциясында болуп эсептелет. Ага коопсуздук камсыздалуусу шарт болчу. Жапаровго жаракаттар кандай шартта, кандай мүнөздө келтирилгени тийиштүү деңгээлде медициналык иликтөөгө алынсын. Жогорку Кеңеш парламенттик көзөмөлдүн негизинде ушундай иштердин аткарылышына кепилдик түзүп берсин”, - деп айтылат. Жогорку Кеңеш болсо акыркы күндөрү бул өңдүү кайрылууларды жөн гана кулак сыртынан кетирүүдө...
Жогорку Кеңештин акыркы күндөрдөгү ишине коомчулук жана оппозиция эле эмес, президент Алмазбек Атамбаев дагы ыраазы эмес. Бүгүн ал "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Жогорку Кеңешти “өлкөдөгү маанилүү иштерди эмес, кайсы бир партиянын депутаттарынын кылмыш иштерин бир жумалап талкуулашат, өлкөнүн президентин бир сааттап жамандашат”, - деп сындады. Андыктан Конституциянын 52-беренесин ишке киргизели дейт президент. Башкача айтканда, жарандардын Элдик Курултайын ишке киргизүүнү сунуш кылды. “Биз ошондо чындыгында Элдик болгон Элдик Курултайга ээ болмокпуз. Анын курамына айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин башчылары жана шаар башчылары кирмек. Бул чындыгында эл шайлаган Курултай болмок. Анын чечимдерин бийликтин бутактары, анын ичинде Өкмөт менен Жогорку Кеңеш сөзсүз карай тургандай кылсак болот”, - дейт өлкө башчысы. Идея кызыктуу. Бирок Кыргыз эли Бакиевдин бийлигинин тушунда деле Ынтымак Курултайына чогулуп көргөн. Жыйынтык болгон эмес. Ал жыйындан 2 жумадан кийин Бакиевдик бийлик көтөрүлүшчүлөр тарабынан куулган...