Башкы прокуратура тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулуп, бюджетке 340 369 900 сом түштү

Башкы прокуратура тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулуп, бюджетке 340 369 900 сом түштү. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында башкы прокурор Индира Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, аталган сумманын ичинен акчалай түрүндө 81 245 300 сом, натуралдык түрүндө 259 124 600 сом.

"Каржы министрлигинин борбордук казынасынын маалыматтарына ылайык, прокуратура органдары жана укук коргоо органдары тарабынан зыяндын орду толтурулду. Экономикалык кылмышка каршы мамлекеттик кызматы тарабынан 1 786 842 600 сом. Анын ичинен акчалай түрүндө 1 423 994 300 сом, анын 89, 4 пайызы же 1 273 895 500 сом мамлекеттик салык кызматы алуучу салыктар түзөт. Натуралдык түрүндө 362 848 300 сом. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 1 291 578 100 сом. Бардык сумма акчалай түрүндө анын 59, 5 пайызы же 768 419 200 сому мамлекеттик салык кызматы алуучу салыктар түзөт. Ички иштер министрлиги тарабынан 77 048 400 сом. Бардык сумма акчалай түрүндө анын 59, 5 пайыз же 768 419 200 сому мамлекеттик салык кызматы алуучу салыктар түзөт", - деди башкы прокурор.

Учурда комитетте 2016-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокуратура отчёт берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан