"Садыр Жапаровду колдоо митингинде уулум бейкүнөө жерден камалып кетти. Президенттен аны коё берүүнү суранам" дейт 2 айга камалган жигиттин энеси

Бүгүн, 4-апрелде Бишкекте Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде кармалгандардын жакындары, тарапташтары маалымат жыйын уюштурушту. Анда укук коргоочу Азиза Абдирасулова, коомдук уюмдун өкүлдөрү жана башкалар катышышты. 25 жаштагы Жаӊыбай Жеӊишбековдун апасы Рыскүл Имамолдоева президенттен уулун коё берүүнү өтүндү.

"Уулум 3 жылдан бери Кыргыз жерине келе элек агасын тосуп алуу үчүн жакшы ниетте Көлдөн келген эле. Анан көпчүлүк менен бирге бейкүнөө жерден камалып калды. Атасы каза болуп калган. Эгиз балдары, келинчеги, үйдүн тиричилиги калды. Эми күзүндө эмнени жешет? Ошон үчүн президентке кайрылат элем, уулумду чыгарып беришсин", - дейт көзүнө жаш алган эне.

Ал эми Рыскүл Имамолдоева жанына алып отурган жаш бала чынында анын жээни, тагыраагы, кызынын кызы болгон, бирок видеодо уулумдун баласы деп айтып койду.

Белгилей кетсек, 25-мартта УКМКнын алдындагы митингде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын 12сине кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.

Садыр Жапаровду колдоо митингинде уулум бейкүнөө жерден камалып кетти" дейт эне
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Best.bakyt
2017-04-04 14:07:00
Баланарды ошол убакта "Ай уйдо тынч олтур, жолоочуну ээрчип ит олот болбой"-деп айтышынар керек эле. Кочого чыгып тынчтыкты бузуунун озу эле кылмыш да.
-6
nemo2016
2017-04-04 14:17:25
Best.bakyt,тынчтыкты бийликтегилер болуп жатпайбы
+5
Gema
2017-04-04 14:17:28
Best.bakyt,туура тынтчык керек ансыз да аран турган Кыргызстанга.Эмне учун эки уч адамдын айынан карапайым элдин тынчы бузулуп иштери токтоп кыйналыш керек.???
-9
revolyutsiya1
2017-04-04 14:50:56
Gema, Атамбаев бийликке келгенде эл да 3-4 адамды деп которулгон. Бакиев Атамбаевди УКМКнын СИЗОсуна тыкканда ушул ЭЛ аны ошол жерден сууруп чыккан. Аны унуттунарбы?!! Атамбаевдин колуна бийликти ЭЛ алып берген Бакиевден. Эми ЭЛ кааласа ошол бийликти кайра алып кое алат Атамбаевден. Анткени бийликтин чыныгы ээси ЭЛ!!! Оз элине каршы турган олко башындагылардын бийликтеги кийинки омуру копко узабайт. Ушуну айта бар "шефине", эл менен ойношпосун, каардантып...
+7
Gema
2017-04-04 17:29:29
revolyutsiya1,эле деп буткул элдин атынан суйлобой эле койгула,Атамбаев кыйратпкса дагы аракет кылып жатат эски президентке караганда.Атамбаевди бакиевдин жактоочулары кана жек корушот))бул ачуу чындык.болбосо Атамбаевди колодгонлор дагы коп
+1
Gema
2017-04-04 14:19:28
Кордук го видеодон кыздардан ойдо таш алып чуркашып ызы чуу кылышканын.
-1
Bubu88
2017-04-04 14:25:59
Балдарым, аялым, апам, тиргилигим деген адам үйүндө тынч отурат корунгондун артынан чуркап жүрбөй
+3
bekmaral
2017-04-04 17:07:44
Bubu88,сен ашанын. аялы эмессинби кокус
-1
mairam90
2017-04-04 14:29:33
Канча деген энелердин ыйына калды Президент
+3
Gema
2017-04-04 14:32:08
mairam90,акчага таанышка алданбай тынч ак эмнгени менен оокат кылыш керек эле.Суроо Жапаров ошончолук суттон ак патриот болсо эмнеге озунун жада калса айылдаш жердештери жаман корот эле????
+6
revolyutsiya1
2017-04-04 14:53:08
Gema, Акча берсе Атамбаевдин оз айылынан эле Атамбаев жаман деп чыга турган эки жуздуулор бардык жерде бар... Сен ага кабатыр болбо. Учурда бийликтин Арзыматтарын кошпогондо копчулук Садыр Жапаровду колдоп чыгат Атамбаевди колдогуча...
-1
Gema
2017-04-04 17:20:45
revolyutsiya1,ушу элдин атынан суйлобой эле койгулачы куйгузуп...оаро
+5
revolyutsiya1
2017-04-04 14:59:07
Урматтуу жогорудагы энелер, Курманжан датка энебиздей сабырдуу болгула, Атамбаевге жалынып кор болбогула. Уулунар буюрса 2 айда чыгып келет, бираз чыдап койгула. Бирок убак-сааты келип бийликтегилер, айрыкча Атамбаев менен Сегизбаевдер бул кылмышы учун жооп берчу кун келет. Баланыз чындык учун курошту, силер болсо кайра адилетсиз бийликке жалынып жатасынар... Болбойт бул кылганынар, башынарды бийик которгуло энелер!!!
+2
Bubu88
2017-04-04 14:41:43
Ушунун баары Жапаровдун айынан болуп жатат Жапаров эле Жапаров деп кыйкырып атышты эле кана Жапаров кыйын болсо баардыгына мен күнөөлүүмун деп бошоттурбайбы бей күнөө адамдардын убалына калбай
+3
Nurmuhammad-1
2017-04-04 15:16:31
Bubu88,Сен эмне жумуш кыласың өзү кечке сайтта отурасынго.Ар кимди жамандаганга заказ алат окшойсуң э бир болсо.))
+3
adi.ali94
2017-04-04 15:31:41
Bubu88,мен күнөөлүмүн деп айтканы мүмкүнчүлүк берип атшабы? Камалгандан бери азыр канга боёлгон сүрөтүн көрдүкго, интернетке гезитке бир да Жапаровдун кылмышы боюнча,айткан сөздөрү боюнча эчнерсе жарыяланган жокго
+4
Bubu88
2017-04-04 14:42:05
Дагы чыксанар мындан хуже болосуңар
-5
Medina87
2017-04-04 14:50:29
Bubu88е
Ушу сен АШАнын качанга дейин куюшканына кыпчылаар экенсин?!
+5
Firdaus-Muslim
2017-04-04 15:22:05
Зулум чеккен адамдын дубасы түзмө-түз кабыл болот.
Элдин каргышы жаман.
Качан бизде адилеттүүлүк орнойт экен.
+3
adi.ali94
2017-04-04 15:33:21
Кызынын кызы бизде небереси деп айтылат жээни дегенди биринчи угушум
-4
aijamalym94
2017-04-04 23:23:28
adi.ali94,Kamalgan balanyn jeeni bolot.tuwun
0
Bubu88
2017-04-04 15:38:09
Убагында Атамбаев эле Атамбаев деп Атамбаевди шайлагансынар эми Атамбаев жаман болуп калдыбы
-7
meni_kut
2017-04-04 15:47:39
Bubu88 менен revolyutsiya бадружка))))
-1
Bubu88
2017-04-04 16:28:29
Бир жолу жок адам экенсинер кимди айтпагыла сөзсүз бир ызы чуусу чыгат
-3
ais9
2017-04-04 18:16:35
Баягы эле грантжегичтер, бироо жарымга жардам беримиш болуп ырбатып, эптеп чыр чыгарыштын амалында(
аскаров бутуп эми бул жак башталды
+1
ais9
2017-04-04 18:18:59
Карга баласын аппагым , кирпи баласын жумшагым дегендей булардын созу суу кечпейт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан