Эскерте кетсек, 2-апрелде Садыр Жапаровдун №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилип, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилген. Бүгүн, 4-апрелде атын атагысы келбеген окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Садыр Жапаровдун ошол кездеги сүрөттөрүн жиберди.
Окурман болгону "Садыр Жапаровдун моюну жана колу кесилип, эсин жоготкон" деп кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.