Бүгүн, 4-апрелде "Элдик кабар" рубрикасына Садыр Жапаровдун моюну, колу кесилген сүрөттөрү жарыяланган. Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева ал сүрөттөрдү көргөнүн SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен сүрөттөрдү көрдүм. Садырдын ушундай оор абалда экенин билгем. Бирок мени такыр эле ага жолуктурбай, сүйлөштүрбөй жатышат. Ушул күнгө чейин көрө албай жатам. Аны менен жолугууга аракет кылуудабыз", - деди А.Асанбаева.
Эскерте кетсек, 2-апрелде Садыр Жапаровдун №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилип, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришкен.