Жаңы шайланган муфтий президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык кат жолдоду

Жаңы шайланган муфтий Максатбек Токтомушев Кыргыз мусулмандарынын 6-курултайынын делегаттарынын атынан президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык кат жолдоду.

Анда мамлекет башчынын демилгеси менен диний чөйрөдө жасалган иштер жөнүндө айтылат. Ошондой эле дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлгөндүгү белгиленет.

"Өлкөбүздө дин маданиятын өнүктүрүүдө “Ыйман” фондун түзүп, ал аркылуу эл башчысы катары тарыхта алгачкы жолу дин кызматкерлеринин жашоосуна көңүл бурдурдуңуз. Аалымдарыбызга жана имамдарыбызга стипендия уюштуруп, ажылыкты ачык-айкын жогорку деңгээлде өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгүңүз жана жалпы эле динибизге кылган кызматыңыз үчүн терең ыраазылык билдиребиз", - деп айтылат катта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан