Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева жана анын тарапташтары маалымат жыйынын өткөрүшүүдө.
Жактоочусу Динара Медетованын айтымында, соттук териштирүүдө Саруу окуясына Жапаровдун тиешеси болгону боюнча бир дагы жолу айтылган эмес. "Жапаровго Саруу окуясы боюнча айып коюлуп жатат. Ошол окуя боюнча кармалган балдардын сотуна башынан бери катышып келе жатам. Соттук териштирүүдө Жапаров боюнча сөз болгон эмес. Анын кармалышы саясий буйрук", - деди жактоочу.
"Биз кечээ №47-колонияга кирип чыктык. Жапаровдун ден соолугу канааттандырарлык", - деп кошумчалады Медетова.
Жактоочу Бактыбек Асамудиновдун айтымында, тергөө абагында Жапаровдун коопсуздугу сакталышы керек болчу. "Эмнеге аны №47-колонияга алып барышты? Ал жакта медициналык жардам көрсөтүүгө шарт жок. Жакынкы ооруканага алып барса болбойт беле. Биз, юристтер кагазга таянабыз. Колу менен моюнун өзү кестиби же башка бирөө кылдыбы, ким билет. Прокуратура буга баа бериши керек", - деди Асамудинов.
Адвокат Шарабидин Токтосунов Жапаровдун кармалышы мыйзамсыз экенин айтты. "Аны күбө катары чакырып туруп, мажбурлап кармап кетти. Ишти УКМК тергеп жаткандан кийин УКМКда кармалыш керек эле. Бирок аны 1-СИЗОго камашты. "Эмнеге ал жакка камадыңар?" десек, "УКМКнын тергөө абагында орун калбай калыптыр" деп жооп кайтарышты", - деди Токтосунов.
Мындан тышкары Токтосунов №47-колонияга Жапаровго киргенде анын кандай абалда болгонун айтып берди. "Биз киргенде ал титиреп турду. Ошол жактагы оорукананын башчысы кан көп кеткенин билдирди. Жапаровдон "эмне болду?" деп сурасак, ал коркуп: "Мен үчүн балдар кыйналып жатышат. Менин өлүп калганым жакшы", - деп жооп берди. Бирок биз ага ишенбейбиз. Ал бир нерседен кооптонуп сүйлөп жатты. Ал анын өмүрү коркунучта экенин да баса белгиледи", - деп билдирди жактоочу Токтосунов.
Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаеванын айтымында, экс-депутаттын өмүрү коркунучта болууда. "Садырдын оор абалда жаткан сүрөтү интернетке тарады. Ошондой абалда №47-колонияга алып барышты. Анан бизге абалы жакшы деп алдашты. 47-колонияга бардык. Бизди киргизишкен жок. Эртең менен саат 7де барган жактоочулар 11де араң киришти. Кечээ Жаза аткаруу кызматы тараткан видеодо Жапаровдун кыйналып жатканы көрүнүп турат. Мен аны менен 25 жыл жашадым, мен билем, кандай абалда кандай сүйлөөрүн", - деди жубайы.
Жактоочу Шарабидин Токтосунов эртең, 6-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаардык соту Жапаровдун баш коргоо чарасын карай турганын билдирди. "Сот Жапаровду үй камагына чыгарыш керек, ал эч жакка качпайт", - деди Токтосунов.
Айта кетсек, 2-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кечээ, 4-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровдун ден соолугу жакшы экенин маалымдап, аны 2 күзөтчү кайтарып турганы белгилүү болгон.
Буга чейин 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.