Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербургдагы терракт боюнча маалымат жазган Кыргыз ММКларын сындады

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербургдагы терракт боюнча маалымат жазган ММКларды сындады. Бул тууралуу спикер бүгүн, 5-апрелде парламентте "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты.

“Жардырууга шектелген адам тууралуу Кыргыз мамлекетинин айрым басылмалары, интернет сайттары ала качып эле "Кыргыз жараны" деп кыйкырып жатканда, Орусиянын "Биринчи каналы" "орто азиялык" деп жалпылап айтып жатты. Мындай маселеге өтө этият мамиле кылуу керек”, - деди ал.

Эске салсак, 3-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 17:30) Санкт-Петербургдагы метродо болгон. Анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. УКМКнын жетекчисинин орун басары Рустам Мамасадыков жардырууга шектелген Акбаржон Жалилов Кыргыз мамлекетинде төрөлгөнү такталганын айтып, бирок 16 жашка чыкканда Орусиянын жарандыгын алганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан