Жогорку Кеңештин 3 депутаты Садыр Жапаровдон кабар алды. "Жапаров туугандарынан митингдерге чыкпоону суранды"

Жогорку Кеңештин 3 депутаты Мирлан Жээнчороев, Талант Мамытов жана Жаныбек Бакчиев №47-колонияда жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдон кабар алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаева билдирди.

Анын айтымында, Жапаров депутаттарга ден соолугу жакшы экенин айтып, туугандарынан митингдерди уюштурбоого чакырды.

Бүгүн, 5-апрелде Садыр Жапаровдун туугандары жана тарапташтары Жогорку Кеңештин имаратынын алдында митинг өткөрүшкөн. Алар экс-депутаттын өмүрүнө коркунуч болуп жатканын депутаттарга жана коомчулукка жеткирүү үчүн Ак үйдүн алдына чыгышкан. Митингчилер менен депутаттар жолугушуп, Жапаровдун өзү менен жолугуп келүү үчүн №47-колонияга бара турганын айтышкан.

Буга чейин 2-апрелде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров №1-тергөө абагында колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кечээ, 4-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровдун ден соолугу жакшы экенин маалымдап, аны 2 күзөтчү кайтарып турганы белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.

Эртең, 6-апрелде саат 10:00дө Бишкек шаардык соту Жапаровдун баш коргоо чарасын карамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан