УКМК эмне себептен Садыр Жапаровго жубайын киргизбей жатканы боюнча жооп берди

№47-колонияда жаткан Садыр Жапаровго эмне себептен анын жубайы Айгүл Асанбаеваны киргизбей жатканы боюнча УКМК жооп берди. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, 31-мартта Айгүл Асанбаева күйөөсү менен жума сайын кыска мөөнөттүү жолугушууларды өткөрүүгө уруксат сурап арыз менен кайрылган.

"Мыйзамга ылайык, айыпталуучулар жана кылмышка шектүүлөр туугандары жана башка адамдар менен тергөөчүнүн кат түрүндөгү уруксатынын негизинде жолугуша алат. Бир айдын ичинде 2 жолу жолугушууга уруксат берилет. Ар бир жолугушуу 3 сааттан ашпаш керек", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары УКМК учурда Айгүл Асанбаеванын арызы каралып жатканын баса белгиледи. Кабыл алынган чечим боюнча Жапаровдун жубайына мыйзамда каралган убакыттын ичинде кабардар болмокчу.

Айта кетсек, бүгүн, 5-апрелде маалымат жыйынында Айгүл Асанбаева күйөөсү Садыр Жапаров менен жолуктурбай жатканына арызданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан