"Кумтөрдөгү" бош кыртыштардын жылышы мындан 18 ай мурун белгилүү болгон

“Кумтөр” компаниясынын жетекчилиги алтын кендин аймагындагы бош кыртыштардын жылышы тууралуу маалыматты жашырышууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда “Кумтөр” маселеси боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Маалым болгондой, “Кумтөрдүн” президенти М.Фишердин айтымында, бош кыртыштардын жылышы мындан 18 ай мурун белгилүү болгон. Буга карабай Чоң-Сары-Төр өрөөнүнө таштандалырды төгүү улантыла берген. 3-майда өкмөт тараптан бош кыртыштардын жылышын изилдөө боюнча комиссия түзүлгөндөн кийин гана жылуу тууралуу маалымат ачык айтыла баштаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан