Шаардык сот Садыр Жапаровду камакта калтырды. Соттон кийин аны №47-колонияга алып кетишти

11:40. Садыр Жапаровдун тарапташтары шаардык соттун имаратынын алдынан кете башташты.

11:35. Адвокат Шарабидин Токтосуновдун айтымында, алар Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку сотко кайрылышат.

11:25. Садыр Жапаровду Бишкек шаардык сотунан №47-колонияга алып кетишти. Жактоочусунун айтымында, 2-3 күндөн кийин Жапаровду аталган колониядан №1-тергөө абагына которушат.

11:14. Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Садыр Жапаровду Бишкектеги №1-тергөө абагына тергөө бүткүчө камоо боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Динара Медетова билдирди. "Сотко Жапаров өзү катышкан. Анын абалы жакшы. Биз шаардык соттон башка чечим күткөн эмеспиз, биз билгенбиз, мындай болорун. Эгер чечим башкача болсо, ачылыш болуп кетмек. Садыр Жапаров №1-тергөө абагында мыйзамсыз камалып турат", - деди сотко катышкан адвокат.

11:05. Рита Карасартова, юрист: "Суракка өзү келген адамды үй камагына чыгарыш керек. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, сот өз алдынча чечим чыгара албайт. Эми көрөбүз го бүгүн сот кандай чечим чыгарат. Шаардык сот Жапаровду үй камагына чыгарат деген үмүт бар".

11:00. Шаардык соттун алдында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын саны 70тен ашты.

10:45. Мавлян Аскарбеков, активист: "Милиция кызматкерлери соттун имаратын курчоого алып, эч кимди киргизбей жатат. Жарандардын, адвокаттардын укуктары бузулуп жатат. Бир да мамлекетте сотко тизме менен киргизүү керек деген эреже жок. Бул жакшы нерсеге алып келбейт".

10:30. Соттун имаратынын алдына жарандык активисттер Рита Карасартова, Мавлян Аскарбеков жана башкалар келишти.

9:55. Жактоочу Шарабидин Токтосунов соттун имаратына кирип кетти.

9:45. Соттун имараты милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, Жапаровдун тарапташтары аны үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Учурда соттун алдында 50гө жакын адам турат.

Бүгүн 6-апрелде Бишкек шаардык соту Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карайт.

Эскерте кетсек, 25-мартта Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган.


кошулду
Садыр Жапаров №1 тергөө абагында камакта калтырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан