Садыр Жапаров №1-тергөө абагына которула элек

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров Бишкектеги №47-колониядан №1-тергөө абагына которула элек. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде SUPER.KG порталына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Жапаровдун ден соолугу жакшы, ал дарыгерлердин кароосунда. "Азырынча ал кайсы күнү №1-тергөө абагына которулары белгисиз. Аны которуу үчүн дарыгерлердин тыянагы керек", - дешти мекемеден.

Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан күч органдары кармап кетишкен. Ал "Бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 2-апрелде ал колу жана моюну кесилген абалда табылган, мындан улам Бишкектеги №47-колониянын ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан