Санкт-Петербургда Чернышевский атындагы китепкананын жанында жарылуу болду. Бул тууралуу күбөлөргө таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, 13-апрелде Москва убактысы боюнча саат 18:40 чамасында 14-15 жаштагы өспүрүм белгисиз буюмду жерден алганда жарылып кеткен. "Бала колунан жаракат алып, ал ооруканага жеткирилди. Орусиянын ИИМинин басма сөз кызматы мындай окуя болгонун тастыктады. Мекеменин билдиришинче, учурда тергөө уланууда", - деп жазышат ММКлар.