Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Сөгүш премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен жарыяланды. Маалымат боюнча, буга мыйзам долбоорлорду кабыл алууда даярданып барбагандыгы жана өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.
Эске салсак, Баккелди Түмөнбаев 2015-жылы 5-июнда экономика министринин орун басары болуп дайындалган.