Кыргыз Республикасындагы өндүрүштүн бир тарабын көтөрүп келе жаткан Аю холдингинин түзүлгөнүнө 14 жыл толду. 2003-жылы Сокулук районуна курулуп, ишке берилген завод холдингдин алгачкы кирпичи болсо, андан кийинки убакыт аралыгында ачылган өндүрүштүк ишканалардын саны 30дан ашты.
Холдингди негиздеген Шаршенбек Абдыкеримов жана анын командасы чет элден келген товарларды рыноктон сүрүп чыгарып, ата мекендик өндүрүштү өркүндөтүүнү, эл аралык рынокто туруктуу орун табууну максат кылган. Бүгүнкү күндө Аю холдинги 7 миңге жакын жаранды жумуш менен камсыздап, алардын ар бири орто эсеп менен 10-15 миң сомдон айлык алат.
“Ала-Арча, Artezian сууларын сатуу үчүн сүйлөшүүгө Катар мамлекетине жакын арада жол тартканы турам”, - деп сөзүн баштады холдингдин вице-президенти Балбак Түлөбаев. Бул аталыштагы суулар өлкөдө жогорку деңгээлде бааланып жүргөнүн кандай гана эл аралык иш-чаралар болбосун столдун үстүнө коюлгандыгынан билүүгө болот.
“Бул Меркель, Путин баш болгон президенттер ичип жаткан суулар. Албетте, президенттерге ичирүүдөн мурун суу бардык керектүү процедуралардан өтөт. Эми ушул бренддин рынок талаасын кеңейтүү аракеттери көрүлүүдө”, - дейт Түлөбаев.
Бул холдингдин бир эле тармагынын ийгилиги. Андагы 30дан ашык компаниянын өз рыногу, тиешелүү сапаты жана ийгилиги бар.
Холдингдин курамына кирген завод, ферма, ишкана, өндүрүш, чарбанын товарлары Кытай, Түркия, Вьетнам, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Россия, Ирландия, Англия, Америка кошмо штаттарына экспортко чыгууда.
“Бүгүнкү күндө өлкөдө ишкерлер үчүн абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Экономика министрлиги менен инвестиция, элчиликтер иштеп жатат. Фонддордо, Банктарда акчалар жатат. Мындан аркысы ишкерлерден көз каранды. Эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу продукция чыгар, тил бил, ойлон, башты иштет да товар өндүрүп сат, ким тоскоол болот? Евразия экономикалык биримдигине, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз, 300 миллион калкы бар рынок турат, 1,5 миллиард калкы бар коңшу Кытай турат, ойлонолу, товар өндүрөлү, саталы. Азыр кыргыздар же өзүбүз жасабайбыз, жасагандарды сындаганды адатка айланткан учурда жашап жатабыз”, - деди ишкер өлкөдөгү өндүрүштү жолго коюу маселелери боюнча.
Өткөн жылдын ичинде мамлекетке 1 миллиард сом салык төгүп, экономикага бараандуу салым кошкон бул холдинг II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 6 млн, спортко 1 миллион доллар бөлгөн. Мындан тышкары түзүлгөндөн берки тарыхында 10дон ашык спортчуну үй менен камсыздады. Анын арасында Айсулуу Тыныбекова, Изат Артыковдор да бар.
“Биз, мекендештер бири-бирибиздин өндүрүштү, бизнести колдошубуз керек. Кыргыз тапкан акча кайра кыргызга жумшалат, ал ишкер кайра бир завод салат, эл жумуш менен камсыз болот”, - деп кошумчалады вице-президент. Ал белгилегендей, Кыргыз жеринде мындай ири холдинг азырынча жокко эсе. Көп тармактуу 50гө чукул ишкананын башын бириктирүү – эл аралык аренага кирүү максатында уюшулган.