Депутат Мирлан Бакиров Базар-Коргон районундагы “Дашман” коругуна жаратылыш паркы деген статус берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"2012-жылы өкмөттүн 482-токтомуна ылайык, Базар-Коргон районуна караштуу “Дашман” коругу пайда болгон. Корук боюнча жергиликтүү калктын макулдугу менен эсептешүү зарыл болчу. Эл менен жолугушуу болгон, бирок толук кандуу эмес. Мындайча айтканда, эл менен жолугушуу өткөрүп, формалдуу түрдө кол койдуруп алынган. Жалпы 7 958 гектар жер "Дашман" коругу болуп статус алган. Ошол алгандан тартып жергиликтүү калк менен токой агенттигинин ортосунда пикир келишпестиктер болууда. Ар кандай тынч митингдер, кат менен кайрылуулар болуп жатат. Биз калк менен жолугушуп келгенбиз. Корук боюнча биринчи картаны чийгенде турак үйлөр дагы кирип кеткен. Андан кийин турак үйлөрдү алып жаңы карта чийилген. Коруктун аймагында бир дагы турак үй болбош керек. Ал жерге тоонун алмасын, отун алганы тыюу салынган. Жергиликтүү калктын турмуш-тиричилиги токой жана мөмө жемиш менен өтөт. Токтом кабыл алганы менен, толук кандуу иштебей жатат. Себеби эл кирип-чыгып жатат. Туура, токойду сакташ керек. Аны эл деле түшүнүп жатат. Биз "Дашман" коругуна жаратылыш паркы деген статус берип, өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну сунуштайбыз", - деди ал.