Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Кытайдагы жана Монголиядагы Элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Азамат Үсөнов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Үсөнов буга чейин консулдук мекемелерде иштеген. 2016-жылдын январынан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары кызматында эле. Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы деген маалыматтар айтылган.