Түркияда оппозиция Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда

Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен нааразычылык акциялар өттү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга ылайык, митингдер өлкөнүн Стамбул жана Бешикташ шаарларында өттү. Катышуучулар "Жок, биз жеңебиз", "Эрдоган ууру жана киши өлтүргүч" деген плакаттар менен жүрүш жасашты. Түркиялык оппозициянын өкүлдөрү добуштарды эсептөөдө одоно мыйзам бузуулар болгонун айтып, референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Эскерте кетсек, 16-апрелде Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, жарандардын көбү Конституциялык реформаны колдогон. Конституциялык реформа президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтмекчи. Өкмөттү президент өзү башкарып калат: премьер-министр кызматы жоюлат, бирок вице-президенттер кызматтары түзүлөт, президент өкмөт мүчөлөрүн өзү дайындайт. Мындан тышкары президент мыйзам чыгаруу демилге укугуна, парламентти жоюу укугуна ээ болот. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбооруна ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоолор 2019-жылдын 3-ноябрында өтмөкчү. 2014-жылдан тарта президент болуп иштеп жаткан Режеп Тайип Эрдоган 2019-жылы жана 2024-жылы президенттик шайлоолорго катыша алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан