БШКнын мүчөлөрү жетекчисине "биз менен макулдашпай туруп сөз сүйлөбөңүз" деп эскертишти

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссия мүчөлөрү менен макулдашпай туруп БШКнын атынан сүйлөбөшү керек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Назарали Арипов 19-апрелде SUPER.KG порталына билдирди. Ариповдун пикиринде президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөрүн айткан Шайлдабекованын аракети туура эмес.

"Бир эле президенттик шайлоо эмес, бардык маселелерде БШКнын жетекчиси комиссиянын мүчөлөрү менен макулдашып, анан гана БШКнын атынан сүйлөшү керек. Мен муну кечээ Шайлдабекованын өзүнө да эскерттим. Өзүнүн атынан каалаганча сүйлөй берсин, бирок БШК коллегиялуу орган. Президенттик шайлоо күнү боюнча талаш жаралды. Негизи мыйзамдар Конституцияга каршы келип калса, Конституция колдонулушу керек. Конституцияда президент 6 жыл 1 күнгө эмес, 6 жылга шайланат деп турат. Шайлоо 19-ноябрда өтсө жаӊы президент 1-декабрда кызматка киришүүгө үлгүрбөсү анык. Шайлоо 2-тур менен өтсө дегеле жетишпейт", - деди Арипов.

БШКнын мүчөсү талаштуу жагдайды тактоого убакыт бар экенин, маселе жакында БШКда каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Белгилүү болгондой, президенттик шайлоонун датасы боюнча БШКда бирдиктүү пикир жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан