Аида Салянова: "Президент 6 жылдан бир күн дагы ашык кызматта отурбашы керек"

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында президенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өткөрүү маселесин күн тартибине киргизүү маселеси каралды.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко президенттик шайлоо 19-ноябрда өтө турган болсо мыйзамга ылайык шайлоонун бардык процедураларын өткөрүүгө убакыт жетишсиз экенин айтты. "Атамбаевдин ыйгарым укуктары 2-декабрда аяктайт. Андан кийинки иш аракеттер легитимдүү болбой калат. Президент 2018-жылдын январь айына чейин, экинчи тур болуп калса февралга өтүп кетсе мыйзамсыз болуп калат", - деди.

Аталган партиянын депутаты Аида Салянова президенттик шайлоонун күнү жөнүндө Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмү менен БШК берген комментарийлерине парламент чекит коё ала турганын билдирди.

"Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмү менен БШКнын комментарийинен кийин маселени тезинен карашыбыз керек деп ойлойм. Анда 6 жылдан ашык отурса болот деп айтылууда. Бул туура эмес, алдыга коюлган пландаштырылган ойдун башы. Жогорку Кеңештин аппаратында мен Акаевдин, Бакиевдин учурунда да иштегем. Аппарат анын ичинде юридикалык бөлүмдү эч ким саясатка аралаштырчу эмес. Бул биринчи жолу болуп жатат. Эки жактын тең комментарийине нааразы болуп жаткандар бар. Буга бөгөт коюлушу керек. Парламенттин эң чоң вазыйпасы саясий абалды жөнгө салуу. Конституцияда 6 жыл деп жазылып жатканда 6 жыл болушу керек. Бир ай ашык болот деген 7 жыл болсо дагы болот деген кеп да. Буга парламент чекит коюшу керек", - деди Салянова.

Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев "Жогорку Кеңештин депутаттары, мыйзам чегинде иштейли дейсиздер. Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдын 48-беренесинде ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөт деп жазылган. Саясий абалга ылайыктап фракция чечимин элге жарыялап, коомчулукка түз маалымат берүүнүн ордуна палата жыйынын саясатташтыруунун кажети жок", - деди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Ата Мекен" партиясынын президенттик шайлоону өткөрүү күнү тууралуу сунушу комитеттерге жөнөтүлгөнүн айтты. Жыйынтыгында маселе күн тартибине киргизилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан