Алмамбет Шыкмаматов: “Акыйкатчы көз карандысыз, саясаттан тышкары иштеши керек”

"Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов Акыйкатчы институту көз карандысыз, саясаттан тышкары болушу керек экенин айтты.

Эл өкүлү аталган институт адам укуктары менен гана иштеши зарылдыгын белгилеп: "Акыйкатчы 5 жылга шайланат. Жогорку Кеңешке бир жылда аткарган иши боюнча отчёт бербей, маалымат гана берүүсү мыйзам долбоорунда каралган. Парламент отчётун канааттандырарлык деп тапса акыйкатчы кызматынан кетчү", - деди.

Депутат парламент Акыйкатчынын отчётун жактырбай кызматтан кеткендер болгонун айтып өттү.

Ошол учурда аталган фракциянын депутаты Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеш кайсы Акыйкатчыларды кызматтан жөн эле кетиргендигин сурады.

Алмамбет Шыкмаматов тарыхты айтайын деп мыйзам долбоорун сунуштап жатпаганын билдирди. Парламенттен көз каранды болот десе эле көпчүлүк каршы чыга турганын айтты. "Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акун отчётумду кабыл алып бергиле деп артыңардан чуркап жүрчү эле го?" - деп айтты.

Нышанов: "Сиздин артыңыздан чуркаса керек, биздикинен чуркаган жок", - деди.

Парламентте "Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан