Жогорку Кеңеш мародёрчулукту иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтомго кийинки жыйында добуш берет

Жогорку Кеңеш мародёрчулукту иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтомго кийинки жыйында добуш берет. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков депутаттар арасында айтышуу күчөп кете турганын айтты. "Азыр көп сунуштар айтылып, кайсынысын добушка коёрумду билбей калдым. Азыр негиз катары кабыл алып, комиссия сунуштарды эске алып жыйынтык менен келсин, кийинки жыйында добушка коёлу", - деди ал.

Буга чейин жыйында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары тарабынан ар кандай сунуштар айтылган.

Эске салсак, 13-апрелде Жогорку Кеӊеште 2010-жылы болгон мародёрлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, “Альфа-Телеком” ЖАКын (Мегаком), “Бишкек мунайзат компаниясы”, “Дастан” ишканасы, “Азия Универсал Банк”, “Кыргыз көмүр” ишканасын улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелекомдун” интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу келишимдерин иликтеген депутаттык комиссия отчёт берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан