Кайрат Осмоналиев, юрист: "Президент бийликти узурпациялайт" деп айтуудан абайлоо керек"

"Президент бийликти узурпациялайт" деген сөздү абайлап колдонуу керек. Мындай пикирди 19-апрелде БШКнын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев билдирип, жок кылмышка кимдир бирөөнү айыптоого да жоопкерчилик бар экенин эскертти.

Осмоналиев президенттик шайлоонун жыйынтыгын тез арада чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүк бар экенин айтууда. "Президенттик шайлоо качан өтүшү керек? Августтабы же ноябрдабы?" Бишкекте 19-апрелде ушундай аталышта талкуу өттү.

БШКнын дагы бир мүчөсү Гүлнара Журабаева бийликти узурпациялоо оор кылмыш экенин айтып, азыркы президентке кошумча мөөнөт берилишине шарт түзгөн БШКнын мүчөлөрү да убагында жоопко тартылышы мүмкүн экенин билдирди. "Канча бир жылдан кийин мага иш козголушун каалабайм", - дейт Журабаева.

Президенттик шайлоону 2017-жылдын 19-ноябрына дайындоого каршы саясатчылар "президент Алмазбек Атамбаев бийликти узурпациялап алышы мүмкүн" деп жатышат. 19-ноябрда жеӊген талапкер 2017-жылдын 1-декабрына чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт, мындай жагдайда азыркы президенттин кызматтык мөөнөтү мыйзамсыз узартылат деп коӊгуроо кагышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан