Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын даярдоочу топ иш планын бекитти

25-апрелде Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясын даярдоочу Координациялык топтун биринчи жыйыны өттү.

Координациялык топтун регламенти жана планы бекитилди.

2017-жылдын январынан тартып 5 эксперттик топ ишин баштап, алар өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча 2014-жылдан бери эксперттерден түшкөн сунуштардын көбүн талдап чыкканын билдирет президенттик аппарат. Булар экономика, экология, мамлекеттик башкаруу, социалдык тармакта жана “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу жаатындагы долбоорлор.

Эксперттик топтор Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча да сунуштарды иштеп чыгууну бүткөнү калганы айтылат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын даярдоочу Координациялык топ президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 2017-жылдын 19-апрелинде түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан