Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңеш Заирбек Жоошбаевди Эсептөө палатасынын аудитору кылып шайлады. Жалпы 108 депутат каттоодон өтүп, бардыгы "макул" деп добуш берди.
Заирбек Жоошбаев президент Алмазбек Атамбаевге ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. "Президенттин сунушун колдоп берген депутаттарга ыраазычылык айтам. Негизги максат өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн эмгек кылам. Өзүмдүн тажрыйбамды колдонуп эл, мамлекет үчүн иштеп берем", - деди ал.
Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊешке Заирбек Жоошбековдун талапкерлигин Эсептөө палатасынын аудиторунун кызматына сунуштаган. Жоошбеков 1962-жылы 1-августта Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Ал парламенттин V чакырылышында КСДП фракциясынын депутаты болуп эмгектенген.