Бүгүн, 28-апрелде президент Алмазбек Атамбаев "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 16-мартта кабыл алынган.
Аталган мыйзамда жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоонун натыйжалуу чараларын көрүүгө өбөлгө түзүлө турганы жазылган. Мыйзамды аткаруучу субъектилерге үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жаатында өз ара иштешүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жарандар үчүн убактылуу жашоо багытында мамлекеттик же муниципалдык баш калкалоочу коопсуз жайлар каралган.
Эске салсак, мыйзам парламентте талкууланып жатканда КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева Кыргыз жеринде зордук-зомбулуктун алдын алуу программасын ишке ашыруу үчүн 25 миллион сом керектеле турганын айткан .