Өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө жаз өкүмүн сүрүүдө. Апрель айы соңуна чыгып, жаз ортолоп калган учурда айрым тоолуу аймактар көркүнө чыгып кооздукка бөлөндү.
"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында бак-дарактар жаңыдан бүчүрлөп эми гана жаз белгиси байкалууда. Жапайы тоо гүлдөрү жаңыдан кар алдынан чыгып тоонун көркүнө көрк кошуп жаткан кези. Жаратылышты кооздукка бөлөгөн дагы бир сулуулук - мөңгүлөрдөн эрип аккан тоо суусу.
Төрт тарабы тоолор менен курчалган "Ала-Арча" мамлекеттик коругунун кооз жаратылышын окурмандарга тартуулайбыз.
.