SUPER.KG порталында быйылкы жылдын 19-ноябрында өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун жаӊы айлампасы старт алды.
Сурамжылоонун кезектеги 2 апталык жыйынтыгында алдынкы бештиктин курамы өзгөрүүсүз калып, фавориттер арасында добуштар бөлүнө баштаганы байкалууда. Чубак Жалилов мурдагыдай эле ишенимдүү түрдө биринчиге чыкты. Кийинки орундарда Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаков. Өмүрбек Бабановдун пиар кампаниясы активдүү иштеп баштаганы анын рейтинги көтөрүлгөнүнөн байкалууда. Ал эми камакта отурган Жапаровдун жарышка катышар-катышпасы арсар болуп, бул жагдай анын рейтингинин төмөндөшүнө таасир этүүдө. Алдынкы бештик “Таза коом” долбоорун жүзөгө ашырууга аракет кыла баштаган президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков менен жыйынтыкталды.
Шайлоо кампаниясын эртелеп баштаган Темир Сариев 14 күндүн ичинде бир баскыч алдыга жылып, Бакыт Төрөбаевди артка таштады. Ал эми президенттикке талапкер болушу мүмкүн деп күтүлгөндөрдүн арасынан Ахматбек Келдибеков 1 пайызга жетпеген добуш алгандыктан, кийинки айлампага киргизилген жок. Ошентип президенттик жарыштын алдында тандем түзгөн Ташиев-Мадумаров-Келдибеков үчилтигинен сурамжылоодо азырынча жалгыз Мадумаров калды. Кезектеги айлампада Турсунбек Акун 1 пайызга жетпеген добуш топтоду. Ал президенттик шайлоого талапкер катары катышарын расмий жарыялагандыгына байланыштуу тизмеде калат. 2 апта аралыгында ажолукка ат салышарын расмий билдирип чыккан жаӊы ысымдар болгон жок.
Урматтуу окурман, добуш берүү бөлүмүнө өтүү үчүн шилтемени басыӊыз.
Эскертүү! Сурамжылоо ар 2 апта сайын жаңыланат. Кийинки жаңылануу 15-майда, саат 12:00дө болот. Жаңылануу болгон сайын тизме өзгөрүшү мүмкүн.