Индияда мас күйөөлөрүн сабаганга колдонуу үчүн үйлөнүү тойдо 700 колуктуга таяктар белекке берилди

Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын Социалдык акыйкаттык жана айылдуу райондорду өнүктүрүү министри Гопал Бхаргава массалык үйлөнүү тойдо 700 колуктуга жыгач таяктарды белекке берди. Бул тууралуу кечээ, 30-апрелде DailyMail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал таяктар жергиликтүү бийлик тарабынан массалык үлпөт тойдо баш кошушкан түгөйлөрдүн колуктуларына белек катары берилген. Министр аларды аялдар күйөөлөрү мас абалында келип чуу чыгарса колдонуу керектигин айткан. Таяктардын ар биринде "Мас адамды сабоо үчүн", "Полиция кызматкерлери аралашпайт" деген жазуулар бар.

Министр колуктуларга алгач мас абалындагы күйөөсү менен сүйлөшүп көрүүнү, эгер ал сөзгө көнбөсө, ошондо гана үлпөт тойдун "өзгөчө" белегин колдонууну сунуштаган. Ал бул кадамы менен эч кимди зордук-зомбулукка үгүттөбөстөн, мас күйөөлөрү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жаткан айыл жергесиндеги аялдарга коомчулуктун көңүлүн буруу максат кылгандыгын айткан.

Аталган маалыматта мындай таяктардан дагы он миң даана таратылып берилүүсү күтүлүп жатканы айтылат. Маалымат катары айта кетсек, спирттик ичимдиктерин колдонуунун натыйжасында келип чыккан кылмыштар Индиянын кедей райондорунда көп кездешет. Бул маселе учурда өлкөнүн эӊ башкы маселелеринин бирине айланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Nazikbaigazy
2017-05-01 12:13:14
Мынча жакшы, бизге да бербейт бекен
+7
datkayimjan
2017-05-01 12:34:58
Nazikbaigazy,ал таяк аялдардын башына тийбейт бекен
+6
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-01 12:42:18
Бул кылычго сойуп салат
-1
baltabai
2017-05-01 12:51:30
Өтө соонунго
0
admin_portal
2017-05-01 12:58:18
pero123, RusMos76, 1. Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуздар!
2. . Этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуздар!
0
Eli.91
2017-05-01 13:27:30
Канале бизгеда берилсе
0
Gulim_zamujem
2017-05-01 15:08:00
Кыргызда эркекке кол которбойт.и жакшы эркек кучун аялдан чыгарбайт.
+4
Sharipa-asia
2017-05-01 15:08:01
Кыргыздын аялдарына да бериш керек экен
-1
Aidani
2017-05-01 16:10:45
Кой биздикилерге бербегиле олтуро чаап эркексиз калат
0
Agayu
2017-05-01 17:02:55
Индия да кыз кишинин саны аз жана да , бай кедей болуп болунушот..
0
Sayli
2017-05-01 19:41:18
Таяк берсин деп отурбай...өзүңөр эле жасап алгыла!!!
+1
sonisoni
2017-05-01 21:11:03
Ал таяктар кайра оздоруну тийсечи чын эле баарибир эркектер кучтуу да.
0
aerforce
2017-05-01 23:16:05
Ээ качан аял киши эркекти таяктачу эле аял киши таяктамай тургай козуно тике карап суйлобош керек негизи мен бул соз менен аялды кемсинтип же болбосо аялды урсун деген созум эмес ар нерсенин жолу болот бул тарбия деп койот аял киши чынында кемчилиги коп болот тен укуктуу деп койсон башына чыгып кетет бул кадресе корунуш аялды сыйлаш керек бирок аял эркекти он эсе сыйлай билиш керек анткени эркек уйдун башчысы азыр корсон аялына джип алып бересин озун фитте журосун
-4
aerforce
2017-05-01 23:17:34
Сенден биринчи аялын тамакты ооз тийет сенден бининчи торго отот анткени биз аял затын тен укуктуу деп башка чет олкону туурап жатабыз бизге ал жарашпайт
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан