Ким жана качан автоунааны мас абалында айдай алат?

Дүйнөлүк статистикага таянсак, мас абалында унаа айдагандардын кесепетинен, жол кырсыгына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул көрүнүш биздин өлкөгө дагы тийиш.

Статистика жана фактылар

Салыштырсак, 2016-жылы 1033 автокырсык катталса, 2017-жылдын биринчи кварталында эле 1169 жол кырсыгы болгону белгилүү. Жол эрежелерин эң көп бузган 5 себептеринин бирине спирт ичимдик ичип алып айдагандар кирет. Эске салсак, 17-апрель күнү мас абалындагы айдоочү жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Жабыр тарткандардын бири өзүнүн тууганы болуп чыкты, бирок, тилекке каршы, ал катуу соккудан улам каза тапты.

Мындай учурлардан чоң суммадагы айыптар дагы, туура жашоо образын жүргүзүү чакырыктары дагы сактаган жок. Белгилей кетсек, 2014-жылы спирт ичимдигин ичип алып айдагандарга карата айып пул көтөрүлгөн. Бүгүнкү күнү 10 миң сомго барабар жана укук бузуучу 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн айрылат. Эгерде анын кесепетинен автокырсык жаралса, анда күбөлүк 2 жылга алынат.

Спирт ичимдигинин кесепеттери

Эксперттердин баамында, ичип алган адам өз мүмкүнчүлүктөрүн өтө чоң баалап калат. Адам аз ичсе дагы, баарибир мээге таасир этет:

  • көзгө баары күңүрт болуп көрүнүп баштайт
  • өңдөр даана көрүнбөй, жалпы тилкени көрүү начарлайт
  • жолчырак жана адамдар алыс көрүнөт
  • кыймылдардын координациясы начарлайт

Жыйынтыгында айдоочу чыга калган жөө жүргүнчүнү байкабай калышы мүмкүн, байкаса дагы дароо унааны токтото албайт. Башкача айтканда, кырдаалды колго алып кете албайт. Бул жөнүндө “кичине эле” ичип алган айдоочуга айтып көрүңүз, же болбосо ага "доставка алкоголя" кызматы жөнүндө айтыңыз. Ал бир аз кызып калганда өзүнө өзү катуу ишенип калат. Бирок убакыт өткөн сайын спирт ичимдиктин таасири күчөп, мас болуунун чегине унаа айдап баратканда жетет.

Ошондо айдоочу спирт ичимдигин иче алабы?

Албетте, жок, жана эч качан!

Бирок ар кандай учурлар болуп калышы мүмкүн. Мисалы, айдоочу ичип алды, бирок унааны айдаганга мажбур же болбосо майрамдоонун так ортосунда ичимдик жок калды, жакын жерде болсо дүкөн жок.

Биринчи абалда - такси чакырыш керек! Экинчисинде болсо – "доставка алкоголя" кызматы менен колдонуш керек! Такси чакыруу кыйынчылык жаратпайт, спирт ичимдикти жеткирүү маселеси дагы чечилди! Жакында эле iDrink аттуу кызмат күч алды. Аталган кызмат Бишкек шаарынын ичинде ичимдиктерди арзан баада тез жеткирип берет. Каалаган суусундуктарды www.idrink.kg сайтынан тандап алып, буйрутма берип, акчасын курьерге берип койсоңуздар болот. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга сак болуңуз, унааңызга кызуу абалда отурбаңыз, iDrink сиздин коопсуздугуңуз үчүн!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbekasr
2017-05-03 12:23:39
Эми iDrink кызматын пайдаланып үйдө жатып алып иче бергиле дегениңерби?Эмнеге аракты реклама кыласыңар же акчаны көп төлөйбү?спирт ичимдигин жеткирүү маселеси дагы чечилди дегенге жол болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан