"Рекорд" такси кызматы балдар реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларына майрам уюштурду

Өздөрүнүн ишмердүүлүгү менен бирге кайрымдуулук иш-чараларын чогуу алып кеткен ишканалар бүгүнкү күндө чанда гана кездешет. Алардын бири "Рекорд" такси кызматы. Аталган кызматтын негизделгенине 2 жыл боло элек, бирок бул аралыкта көптөгөн кайрымдуулук иштерин аткарышып, бир топ жаш балдарга, Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кубаныч тартуулап келишет. Ишкана ар бир аткарылган чакыруудан кайрымдуулук иштерине 1 сомдон жумшап, ардагерлер үчүн бекер кызмат көрсөтүшөт. "Рекорд" такси кызматынын арт-менеджери Максат Бакирдиновдун айтымында, жардам көбүнчө балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө берилет. Ошону менен бирге алардын мындай жөрөлгөсү Бишкек шаары менен гана чектелип калбайт.

"Жардам бериле турган жайга биз алгач барып, кандай жардам керектигин билип алабыз. Алар эмнеге муктаж болушса, ошону алып беребиз. Айрым балдар үйлөрү тууралуу көпчүлүк билбейт экен. Андыктан аларга кайрымдуулук кылгандардын саны да аз. Биз Чүй облусу боюнча жардам көрсөтүп келебиз. Мындан тышкары, Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бекер кызмат көрсөтөбүз. Алар биздин базада бар, чакырык түшөр замат айдоочуларыбыз жетип барышат", - дейт Максат Бакирдинов.

Ишкананын кызматкерлери бекер кызмат көрсөтүүдөн качышпайт, ал эми кайрымдуулук иштерине катышууну каалаган кызматкерлердин саны арбын.

Кезектеги кайрымдуулук ишинин алкагында Бишкек шаарындагы кароосуз калган балдарды реабилитациялоочу борборунун тарбиялануучулары “Асанбай” эс алуу багындагы аттракциондордо ойноп, тамактанышып, көңүл ачышты.

“Көбүнчө кайрымдуулук иштер материалдык жактан көрсөтүлөт эмеспи. Көп ата-энелер балдарын эс алуу бактарына алып барып кубаныч тартуулашат. Бул балдарды да ошондой эле кубанычка бөлөгүбүз келди. Алар да ата-эне мээримине зар. Андыктан балдарды эс алуу багына алып келип ойноттук. Алардын көздөрү кубанычка толгонун, жүздөрүнөн жылмаюуларын көрүп биз да кубандык”, - деди Максат Бакирдинов.

Ал эми Балдар үйүнүн социалдык кызматкери Назгүл Булгакова уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди:

“Мындай акциялар, иш-чаралар көп өткөрүлүп турат. Бул ирет уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирем. Балдар бүгүнкү эс алуудан жакшы таасир алышып, сүйүнүп жатышат”.

Өлкөдө ар дайым биринчи болуу максатында “Рекорд” деп аталган такси кызматынын жумушчулары “Бирге биз дүйнөнү жакшыртабыз” урааны менен жалпы Кыргыз коомчулугун кайрымдуулукка чакырып келишет.


кошулду
Record taxi'ни чакыруу менен, сиз да ушундай кайрымдуулук жасаган болосуз
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Malik92
2017-05-04 11:35:22
Аллахым ыраазы болсун "Рекорд" такси кызматына. Ар дайым жолуңар ачык болсун тапканыңарга берекесин берсин бөөдө кырсыктан Аллахым өзү сактап, унааларыңардын төрт дөнгөлөгүнөн шамал өтүп турсун.
+3
tular
2017-05-04 12:26:25
1234 кыска номерин терип чакырса болот.
0
Aykan08
2017-05-04 14:00:05
Азаматсынар, кайрымдуулук жонундо окусан кандай жакшы!!! Байкасам Рекордду коп айтып жатышат, 3-4 жолу чакыргам, эми кобуроок колдоно баштайм.Кудайым кут кылсын жакшылыгынарды.
+1
modem4999
2017-05-04 17:48:32
Мен дагы болду рекордду чакырым жоргону чакырбайм.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан