Колумбиянын жашоочусу ач көздүгүнөн улам 9 миң долларын жутуп салган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн департаменттик прокуратурасы маалымдайт.
Маалыматтарга караганда, 28 жаштагы жаран мурунку жарандык никедеги күйөөсү менен акча бөлүшкүсү келбей, 9 миң долларын жутуп салган.
Ага дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, өзгөчө "тамакты" алып чыгышкан. 5 миӊ 700 доллар колдонууга жарамдуу болсо, калган акчалар жараксыз абалга келген. Бул окуя боюнча прокуратура кызга эч кандай доо коюлбасын, себеби буга чейин жарандык түгөйлөр акчага мыйзамдуу түрдө ээ болушканын билдиришкен.