Сапар Исаков көчкү түшкөн Аюу айылына барып, элдин абалын көрдү

Бүгүн, 8-майда президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков көчкү түшкөн Аюу айылына барып, кырсыкта каза тапкандардын жакындары менен жолугушту. Аларга көӊүл айтып, кооптуу тилкеден көчүрүлгөндөрдүн жашоо-шарты менен таанышты. Ошондой эле жабыркагандарга медициналык жана психологиялык жардам уюштуруунун абалын да көрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, жолугушууда айыл тургундары көчкү талкалап кеткен жолду калыбына келтирүү, балдарды социалдык жактан колдоо өӊдүү өтүнүчтөрүн айтышкан. Исаков жабыркаган тургундарды колдоо маселеси жана кооптуу тилкеде жашап жаткандардын көйгөйлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин жеке көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соӊунда кырсыктан каза тапкандарга арналып куран окулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан