“Ылдамдыкты төмөндөт!” жумалыгынын катышуучулары айдоочуларды адам өмүрүн сактоого чакырат

Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол эрежелерин бузуу боюнча 2016-жылы биринчи орунда ылдамдык эрежелерин бузуу болгон. Буга байланыштуу 2138 жол кырсыгы катталып, 376 адам каза болуп, 1946 адам жаракат алган.

Айдоочулар талап кылынган ылдамдыкты сакташса, көп адамдын өмүрү сакталмак. Ылдамдык эрежелеринин бузулушу бардык жерлерде кездешүүдө. Мисалы, Сокулукта видеокөзөмөл орнотулган соң биринчи суткада эле ылдамдык боюнча эрежелер 2 миң жолу бузулган.

Кабыл алынган ылдамдык тартиби менен айдоочулар эсептешишпейт. Себеп эмнеде? Берилчү жазанын жоктугу же жазадан кутулуп кетүү мүмкүнчүлүгү, эрежелерди билбөө же билип туруп бузуу, айдоочунун күбөлүгүн мыйзамга ылайык эмес жолдор менен алуу, айыптарды кайтарып алуу.
2016-жылдын башында ТРАСЕКА долбоорунун алкагында “Жол коопсуздугу” ачык коому Патрулдук милиция менен биргеликте саатына 40 километр менен жүрүү керектиги тууралуу белгиси бар Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн оңдолгон бөлүгүндө рейд жүргүзгөн. Эреже бузган айдоочулардын 95 пайыздайы Патрулдук милициянын инспекторлоруна доосун айтышкан. Баары протокол толтурулбашын, айып төлөнүшүн каалашкан эмес. Алар айып төлөөдөн качып, туугандарына, тааныштарына чалып башташкан. Айдоочулар жоопко тартылбашына ишенишип, “кандай акыңар бар?”, “мен жалгыз эреже бузуучу эмесмин” деп нааразы болушкан.

Ооба, мындай эреже бузгандар миңдеп саналат, мындай адилетсиздик болбошу үчүн мамлекет баарын жоопко тарта алышы керек. Үмүтүбүз сот иши болуп, интрига менен коштолуп жаткан “Коопсуз шаар” долбоорунда. Өкүнүчтүүсү, “жол кылмышкерлери” аны күтүшпөйт.

Ылдамдыкты көзөмөлдөө чаралары катары төмөнкүлөр колдонулат: жолдорго ылдамдыкты төмөндөтүү максатында айлампалар салынып, ылдамдыкты басаңдатуучу дөңсөөлөр (лежачий полицейский) орнотулат, жолдун функцияларына ылайык, жол белгилерин коюу, талап кылынган ылдамдыкты сактоого мажбур кылуу, унааларга ылдамдыкты көзөмөлдөөчү жабдыктарды орнотуу, ылдамдыкты жогорулатуу менен кооптуу абал жараларын түшүндүрүү.

Ылдамдык канчалык төмөн болсо, жүргүнчү менен айдоочунун кинетикалык энергиясы ошончолук төмөн экени белгилүү. Кагылышууда ал энергиянын бир бөлүгү башка буюмдарга өтөт, калганы адамды уруп, оор жаракатка кабылтат. Ошону менен бирге адам өзүндөгү энергиядан көп энергияны ала албайт. Андыктан энергия канчалык аз болсо, организмге ошончолук аз таасирин берет.


8-14-майлардан тарта Бишкекте БУУнун коопсуз жол кыймылынын Төртүнчү жумалыгына арналган “Өмүрдү сакта: ылдамдыкты төмөндөт” иш-чаралары өтөт. Биз жол кыймылынын катышуучуларын “Ылдамдыкты төмөндөт!” жумалыгына кошулууга жана жумалык учурунда гана эмес, ар дайым адам өмүрүн кыйбоо үчүн талап кылынган ылдамдыкты сактоого чакырабыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aykan08
2017-05-11 17:09:02
Айдоочуларга ушундай чараларды коп откоруп туруш керек негизи!!!
0
Muratmipa
2017-05-12 09:44:44
Aykan08,бирок ушундай уйротууну пешеходко да откоруп турса болмок мен мисалы пешоход эмне мал эмне айырмасын билбеймин
0
Bekovich76
2017-05-11 19:41:42
Ылдымдыкты азайт айдоочу анткени сени жакындарын аман эсен келсин деп уйдо кутуп олтурушат!
+1
Shekeev969798
2017-05-11 23:19:42
Донсоолор болбогон нерсе машигаы бузат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан